Формирование легких и последние сантиметры до финишной прямой Формирование легких и последние сантиметры до финишной прямой
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Өпкөлөрүнүн калыптанышы жана мараага чейинки акыркы сантиметрлер

3- триместр, 37-жумада – түйүлдүк дээрлик толук калыптанып калган мезгил. Келечектеги наристенин бою болжол менен 47-49 сантиметрди түзүп, салмагы 2600 граммдын тегерегинде болот. Бет түзүлүшү калыптанып, кемирчектери ордунда. Ошондой эле, май ткандары жигердүү топтолуп баштайт, булчуӊдары жана скелети жигердүү өнүгөт – мунун натыйжасында наристенин салмагы күн сайын өсө берет.

37-жумада өпкөлөрү толугу менен калыптанып калышы маанилүү болуп саналат. Андан ары, 38-жумада, наристе дем алуу кыймылдарын жасоону үйрөнө баштайт. Өпкөлөрүнүн мындай иштеши, мөөнөтүнөн мурда төрөлүп калса, наристеӊиз дарыгерлердин жардамысыз, өз алдынча дем алат дегенди туюндурат. Наристе 37-жума болгондо, эне эмне кылышы керек?

Биринчи кезекте, жамбаш сөөгүнүн курчоосун жана салмагын ченетүү, заарасынын жалпы талдоосун жүргүзүү жана артериялык басымын ченетүү үчүн дарыгердин кабыл алуусуна барышы керек. Андан тышкары, жатындын моюнчасынын абалын текшертүү зарыл – бул жыйынтыктардын бардыгы төрөт процессинин болжолдуу башталыш убактысын түшүнүүгө жардам берет.

Эмоционалдык абал жөнүндө жазсак, төрөт алдында толкундануу кабатырланууну жана дүүлүгүүнү пайда кылышы, а балким, тескерисинче, маанайыӊызды асманга көтөрүп коюшу да мүмкүн.

Төрөт үйүнө керектүү нерселердин бардыгы салынган сумка дайыма сиздин колуӊузда даяр турушу керектигин унутпаӊыз. Зарыгып күткөн окуя ар бир аялдын турмушунда мына-мына деп турат.

EmptyView