Колики у малыша Колики у малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын ичинин бурап оорусу

Ичтин бурап оорусунун 4 белгиси Ичтин бурап оорусу кичинекей балдарда көп кездешчү кубулуш болуп саналат, бирок ал ооруну эмне пайда кыларлыгына же айрым балдарда эмнеликтен пайда болорлугуна так себептер белгисиз. Негизинен, ичин бурап оорутуу баланын өмүрүнүн алгачкы төрт жумасында козголо баштайт да, үч-төрт айына чейин созулушу мүмкүн.

Баланын ичин бурап оору төмөнкү учурда тынчын алышы мүмкүн:

  • Баланын дени сак, бирок ыйлай берет, айрым учурларда тынбай ыйлайт.
  • Эмне жасасаӊыз да анын маанайы көтөрүлбөйт, кыска убакытка эле ачылганы болбосо.
  • Адатта, тамак ичкенден кийин ыйы башталат.
  • Бала үч сааттан кем эмес, жумасына жок дегенде, үч жолу ыйлай берсе, анда баланын ичи бурап, оорушу мүмкүн.
  • Рефлюкс да баланы тажатып жибериши мүмкүн. Эгер сиз бул жагдайга кабатырлансаӊыз, врачка кайрылыӊыз.

    Бул көбүктөр болушу мүмкүнбү? Баланын ашказанында пайда болгон кичинекей көбүктөр оорутушу мүмкүн деген теория бар. Бул тамак сиӊирүүдөгү көйгөй болушу мүмкүнбү? Айрым балдардын ичеги карын- тамак сиӊирүү органдары сүттүн компоненттерине сезимталыраак болушу мүмкүн. Мындай тамак сиӊирүү учурунда балдар ооруну сезишет. Көпчүлүк балдардын абалы акырындык менен жакшырат да, ыйы улам тартыла баштайт. Бирок, чынында, балдардын көпчүлүгү үч айга чыкканча эле жакшы болгонун билдиришет. Трансфоррмация айрым учурларда тез эле – дээрлик бир түндө эле жүрөт.

    Белгилерин жеӊилдетүү

  • Укалоо баладагы бул белгилерди жеӊилдетиши, ал гана эмес андай ич бурап оорунун алдын алышы да мүмкүн. Программа өтө опурталдуу, ошондуктан аны укалоо боюнча кесипкөй адистен үйрөнүү орундуу.
  • Айрым жыпар жыт менен терапевтик майлар бар, алар ичтин бурап ооруган дискомфортун жеӊилдетишет. Балдарды укалоо боюнча сиздин инструкторунуз аларды тандоодо жардамга келүүсү керек.
  • Бала тынч жүргөндө ата-энелердин көпчүлүгү бандаж колдонуп же кечкисин кенгуру тагынып жүрүшөт. Бул баланы вертикалдуу кармаганга жардам берет, ал эми кыймыл дискомфортту жеӊилдетет.

    EmptyView