Приготовление еды с ребенком Приготовление еды с ребенком
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала менен бирге тамак жасоо

Балдар менен тамак жасоо - көӊүлдүү иш! Бул көӊүлдүү иш балага табитин жакшыртканга жардам берет, андан сырткары аны менен чогуу өткөргөн убакыт балага дайыма жакшы таасир этет.

Эмнени бышырсак, өзүбүз кантип даярдансак жана баланы кантип тартсак? Биздин макалада чечмелейли.

  1. Бала менен бирге эмне болсо да бардыгын жасаганга болот. Негизги сунуштама: бир жарым эки эсе убакыт кетирүү керек. Алгач жөнөкөй эле тамактарды тандаган жакшы. Рецептерди издөөдө силерге интернет жардам бере алат. Өз күчүӊүздөрдү баалаӊыздар.
  2. Баланы алаксытуу үчүн, сиз тамак үчүн окуя ойлоп таба аласыз, же чыныгы окуяны аласыз. Мисалы, жөн эле пиццаны эмес, ниаполитандык пиццаны даярдайбыз. Италиялык кечени уюштуруӊуз, кагаздан мурут кесип алыӊыз да, балаӊызды кубантыӊыз.
  3. Сиздин балаӊызда тамак даярдап жаткан учурда эле ойлоп тапканга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Эгер сиздин балаӊыздын тандоосуна ишенбесеӊиз, өзүӊүз ишенимде болгон нерселерден сунуштаӊыз: Мисалы соустун түрлөрүнүн бирин тандоо ж.б.
  4. Тандалган тамактын татаалдыгы баланын жаш курагы боюнча адекваттуу тандалышы керек. Керектүүнүн баарын эртерээк туурап коюӊуз. Бала бир нерсени өзү жазашы керек: сырды сепкенди, ингридиенттерди столдун үстүнө койгонду ага тапшырыӊыз. Чоӊ жол кичине кадамдардан башталат!
  5. Бала бакчанын улуу группасынын балдары жана башталгыч класстын окучуулары менен рецепти, азыктардын тизмесин түзүүнү жана дүкөнгө чогуу барууну тандоодон баштоо керек.
  6. Баладана жана предметтердин сакталышынан коркпоо үчүн пластиктен ченегич идиш сатып алыӊыз. Бардыгын бала менен бирге ченеӊиз – бала ошентип сандар жана эсептер менен танышат, ошондой эле текстуралар, жыттар жана тамак аштар жөнүндө жаӊыларды билет.
  7. Окутуунун жаӊы пункту тамакты даярдап бүтөөр менен дароо тазалаганга баланы үйрөтүү жана бул тазалоо эмес, көӊүлдүү оюн экендигин көрсөтүү!
  8. Балаӊыздын досторун ачык нерсе жасаганга чыкырыӊыз. Бул үчүн печеньелер же сендвич туура келет. Кошумча кызыл таӊгакты ойлоп табууга болот.
  9. Эӊ кичинекей балдарга колдоруна, мисалы, баштыкчадагы төө бурчакты, меште бышыруу үчүн кагазды жана оюнчук үбөлүк бериш керек. Процесске ушинтип да катышышсын!
  10. Ар бир тамак даярдоонун алдында оюн ойногонго болот: көздү таӊуу жана түрдүү продуктуларды жыттоо, предметтердин абалына байкоо жүргүзүү. Жашылчалар кантип пюреге айланаарын, тоок меште кантип бышаарын көрсөтүӊүздөр. Бала муну баалайт.

EmptyView