Детские рецепты вкусных пюрешек Детские рецепты вкусных пюрешек
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Даамдуу пюрелердин балдар рецептери

Ар бир эне балага кошумча тамакты эӊ мыкты сапатта даярдап бергенге аракет кылат! Баланы жаӊы өндүрүмдөр менен таанышытырып жана анын рационун түрлөнтүп гана тим болбостон, аллергиядан жана терс кесепеттерден алыс болууну да самайт.

Сиздер менен 6 айдан жогорку курактагы бөбөктөр үчүн тез даярдалуучу жана даамдуу пюрелердин рецептилери менен бөлүшөбүз. Тамагыӊыздар таттуу болсун!

Балдар пюресин даярдонун бир нече маанилүү эрежеси:

  • Жалан жаӊы бышкан гана жашылчаларды жана жемиштерди колдонуӊуз.
  • Бышыруу үчүн суу чыпкаланган же бөтөлкөлөрдөн куюлган болсун.
  • Эгер сиз тоӊдурулган азыктарды колдонуп жатсаӊыз, бүтүн гана жашылчаларды жана жемиштерди тандаӊыз, себеби аларда пайдалуу заттар максимум сакталат.
  • Эмчек эмген балдардын рационунда нитрити көп болгон жашылчаларды жана жемиштерди – шпинатты, салат жалбырагын, кызылчаны, коонду жана арбузду - колдонбоӊуз.
  • Дүкөндөн сатып алынган жашылчаларды нитраттарын чыгарып салуу үчүн сууга чылап коюу сунушталат: ал үчүн 1-2 саат, картошка үчүн 24 саатка чейинки убакыт талап кылынат.
  • Сабиз -брокколи. Ингредиенттер:

    брокколи — 3 ачылганы сабиз кубик түрүндө— 1/2 стакаа сүт же суу — 70 мл өсүмдүк майы — 1 ч.л.

    Даярдоо:

    Жашылчалдарды бууда 15-20 мүнөт бышыруу, блендердин жардамы менен бирдей коюулуктагы пюре жасоо.

    Кабачок-картошка. Ингредиенттер:

    кабачок кубик түрүндө — 1 стакан картофель кубик түрүндө — 1/5 стакан сүт же суу — 40 мл оливка майы — жарым чай кашык

    Даярдоо:

    Картошканын крахмалы чыгып кетиши үчүн, аны сууга чылап коюӊуз. Бууда 15 мүнөт бышырыӊыз, андан кийин блендердин жардамысыз бирдей суюктуктагы пюре жасаӊыз.

    Ашкабак-түстүү капуста Ингредиенттер:

    ашкабак кубик түрүндө - 1 стакан түстүү капуста — 2-3 ачылышы суу же сүт — 60 мл өсүмдүк майы — 1ч. к.

    Даярдоо:

    Жашылчаларды бууда 15 мүнөт бышырыӊыз, андан кийин коюу пюре жасаӊыз.

    EmptyView