Введение сока в прикорм: как, когда и сколько? Введение сока в прикорм: как, когда и сколько?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Кошумча тамакка ширени киргизүү: кантип, качан жана канчаны?

Ширелер – витаминдердин жана минералдардын табигый булагы деп эсепелет. Азыркы адистер мурдагы мамилелерге сын көз караш менен карашат, балага жок дегенде алты айга, ал гана эмес он эки айга толгонго чейин ширени берүүнү токтото туруу керек деп эсептешет. Баланы шире менен канча жашынан баштап тааныштыруу керек, аны эрте берүү качалык деӊгээлде кооптуу?

Бөбөктүн шире менен биринчи таанышышы.

Заманбап педиатрлар балага ширени бала башка тамак аштар менен таанышып бүткөндөн кийин гана берүү керек дешет. Энеси болсо баланын тамагына ширени киргизүү эмген сүтүнүн жана бала жасалма тамактандырылып жүрсө сүт аралашмасынын көлөмүнө таасир этпешине ынанышы керек. Тактап айтканда, бул 6 айдан эрте эмес болушу зарыл.

Бирок бул жаш курагында да ширеден анча пайда болбостугун эске алсак, баланы аны менен тааныштырууну бир жашка чыкканга чейин күтө туруу керек. Американын педиатрия академиясы баланын он эки айга толгонго чейинки балансталган рационундагы жемиштерден ширелер эч кандай ролду ойнобойт деп эсептешет.

Бирок аларды колдонуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

  • кариестин өнүгүшүнө чоӊ тобокелдик
  • баланын ичеги карынын жетиле электигине байланыштуу тамак сиӊирүү органынын сезгенүүсү (диарея, ичтин көбүшү, метеоризм);
  • келечекте семирип кетүү мүмкүндүгү.
  • Жемиштерден кошумча тамак – эмнеден баштоо керек?

    Жалпы эле жемиштер жөнүндө айта турган болсок, аларды балдардын тамагына шире түрүндө эмес, пюре түрүндө киргизүү бир топ пайдалуу. Пюреде өсүмдүк булалары болот, алар тамак-ашты сиӊиргенге жана жемиштерден кычкылдыктарды сиӊиргенге жардам берет. Жемиштерден пюрени бала 6-7 айга толгондо экинчи же үчүнчү кошумча тамак катары киргизгенге болот.

    EmptyView